ЖРТ математика: сынамык суроолор жооптору менен
Текшерилди: 2026-ж., 20-октябрь
Окуучулар эң көп ката кетирген темалар
Доордогу толук тесттердеги 440 000+ жооптун маалыматы боюнча (ар бир темага кеминде 1000 жооп), окуучулар эң аз туура жооп берген темалар:
| Тема | Туура | Жооп |
|---|---|---|
| Сызыктуу барабарсыздыктар, салыштыруу методдору | 11% | 3 091 |
| Төрт бурчтуктар | 15% | 5 750 |
| Бурчтар | 16% | 5 692 |
| Үч бурчтуктар | 17% | 11 281 |
| Сандардын касиети | 17% | 3 000 |
Эскертүү: «Аныктоо мүмкүн эмес» деген жооп туура болгон салыштыруу суроолорунда окуучулар эң көп ката кетиришет — алар адатта А же Б вариантын тандашат.
1-бөлүк: чоңдуктарды салыштыруу
Ар бир суроодо Колонка А жана Колонка Б берилет. Кайсынысы чоң, же тең, же аныктоо мүмкүн эмес экенин тандайсың.
12 калемден турган таңгак 72 сом турат. Эгер ар бир калемди өзүнчө сатып алса, бир калем 7 сом турат.
12 калемди ар бирин өзүнчө сатып алгандагы пайыздык жоготуу
17%
- АКолонка А чоң
- БКолонка Б чоң
- ВТең
- ГАныктоо мүмкүн эмес
Жоопту көрүү
Туура жооп: Б) Колонка Б чоң
Доордо бул суроого 1 202 жолу жооп берилген — 48% туура.
a жана b – бүтүн сандар. 0 < a < 3,−3 < b < 0
a + b
a − b
- АКолонка А чоң
- БКолонка Б чоң
- ВТең
- ГАныктоо мүмкүн эмес
Жоопту көрүү
Туура жооп: Б) Колонка Б чоң
Доордо бул суроого 1 171 жолу жооп берилген — 41% туура.
Идиште 3 кызыл, 5 жашыл, 2 көк жана 6 сары шар бар. Идиштен бир шар кокусунан алынат. Биринчи шар кайра салынгандан кийин, экинчи шар тандалат.
Алгач жашыл шар, андан кийин сары шар тандалып калуу ыктымалдуулугу
11/16
- АКолонка А чоң
- БКолонка Б чоң
- ВТең
- ГАныктоо мүмкүн эмес
Жоопту көрүү
Туура жооп: Б) Колонка Б чоң
Доордо бул суроого 1 166 жолу жооп берилген — 43% туура.
5x + 11y < 0, 4x + 10y < 0
x + y
0
- АКолонка А чоң
- БКолонка Б чоң
- ВТең
- ГАныктоо мүмкүн эмес
Жоопту көрүү
Туура жооп: Г) Аныктоо мүмкүн эмес
Доордо бул суроого 1 166 жолу жооп берилген — 6% туура.
t = 0.8t + 1.2
t
6
- АКолонка А чоң
- БКолонка Б чоң
- ВТең
- ГАныктоо мүмкүн эмес
Жоопту көрүү
Туура жооп: В) Тең
Доордо бул суроого 1 159 жолу жооп берилген — 13% туура.
2-бөлүк: туура жоопту тандоо
945 ÷ 27 =
- А33
- Б35
- В37
- Г39
- Д41
Жоопту көрүү
Туура жооп: Б) 35
Доордо бул суроого 1 192 жолу жооп берилген — 70% туура.
(4m + 7n) − (2m − 3n) туюнтмасы төмөндөгүлөрдүн кайсысына барабар?
- А2m + 10n
- Б6m + 4n
- В2m + 4n
- Г6m + 10n
- Д2m − 10n
Жоопту көрүү
Туура жооп: А) 2m + 10n
Доордо бул суроого 1 169 жолу жооп берилген — 24% туура.
90 студенттен турган класс тест тапшырды. Тесттен өткөн студенттердин арифметикалык орточо упайы 84кө, ал эми тесттен өтпөй калган студенттердин арифметикалык орточо упайы 60ка барабар болду. Эгерде бардык студенттердин орточо упайы 80 болсо, анда тесттен канча студент өткөн?
- А15
- Б20
- В42
- Г70
- Д75
Жоопту көрүү
Туура жооп: Д) 75
Доордо бул суроого 1 133 жолу жооп берилген — 13% туура.
6 адамдан турган топтон 5 адамды тегерек столдун айланасына канча ар түрдүү ыкма менен отургузууга болот?
- А56
- Б80
- В100
- Г120
- Д144
Жоопту көрүү
Туура жооп: Д) 144
Доордо бул суроого 1 115 жолу жооп берилген — 15% туура.
Үч бурчтуктун эки капталынын узундуктары 6 жана 8ге барабар. Төмөнкүлөрдүн кайсылары бул үч бурчтуктун мүмкүн болгон аянттары боло алат?
I. 2
II. 12
III. 24
- АI гана
- БI жана II гана
- ВII жана III гана
- ГI жана III гана
- ДI, II жана III
Жоопту көрүү
Туура жооп: Д) I, II жана III
Доордо бул суроого 1 126 жолу жооп берилген — 6% туура.
xy координаталар тегиздигинде чокулары (−4, −3), (5, −3) жана (−2, −7) болгон үч бурчтуктун аянты канчага барабар?
- А4
- Б9
- В12
- Г18
- Д36
Жоопту көрүү
Туура жооп: Г) 18
Доордо бул суроого 1 099 жолу жооп берилген — 23% туура.
58. 5, 6, 7, 8, 9 жана 0 цифраларын колдонуп, ар бир цифраны кайталабастан, канча беш орундуу сан түзсө болот?
- А64
- Б120
- В240
- Г600
- Д720
Жоопту көрүү
Туура жооп: Г) 600
Доордо бул суроого 1 112 жолу жооп берилген — 20% туура.
Эгерде −4 < a < 4 жана −2 < b < −1 болсо, төмөнкүлөрдүн кайсынысы abга барабар боло албайт?
- А-3
- Б0
- В4
- Г6
- Д9
Жоопту көрүү
Туура жооп: Д) 9
Доордо бул суроого 1 110 жолу жооп берилген — 13% туура.
Чыныгы форматтагы толук тест — биринчиси акысыз.
Көп берилүүчү суроолор
ЖРТ математикада канча суроо бар?
60 суроо: 1-бөлүк — 30 салыштыруу суроосу (30 мүнөт), 2-бөлүк — 30 тест суроосу (60 мүнөт).
«Аныктоо мүмкүн эмес» качан туура?
Шарт боюнча эки колонканын катышы ар кандай болушу мүмкүн болгондо, мисалы, бир маанилерде А чоң, башкаларында Б чоң болсо.
Кантип текшердик
Бул баракчадагы ар бир санды биринчи булак менен салыштырабыз — ЦООМОнун (testing.kg), министрликтердин жарыялоолору жана Министрлер кабинетинин токтомдору менен — жана акыркы текшерген күнүбүздү көрсөтөбүз. ЖМКлардын жаңылыктары кошумча булак катары гана келтирилет.