Доор › ЖРТ маалымдамасы › Онлайн сынамык тест

ЖРТ сынамык тест онлайн: 25 мүнөттө 20 суроо

Текшерилди: 2026-ж., 20-ноябрь

ЖРТнин форматындагы 20 суроодон турган мини-тест: математика, окшоштуктар жана сүйлөмдөрдү толуктоо, практикалык грамматика. Таймер биринчи жоопту бергенде башталат. «Жыйынтыктоо» баскычын бас — ар бир бөлүм боюнча канча туура экенин, Доордун окуучулары ушул эле суроолорго кандай жооп бергенин жана болжолдуу баллыңды көрөсүң. Каттоо керек эмес.
0 / 20
25:00
1-суроо

12 калемден турган таңгак 72 сом турат. Эгер ар бир калемди өзүнчө сатып алса, бир калем 7 сом турат.

Колонка А

12 калемди ар бирин өзүнчө сатып алгандагы пайыздык жоготуу

Колонка Б

17%

2-суроо

a жана b – бүтүн сандар. 0 < a < 3,−3 < b < 0

Колонка А

a + b

Колонка Б

a − b

3-суроо

Идиште 3 кызыл, 5 жашыл, 2 көк жана 6 сары шар бар. Идиштен бир шар кокусунан алынат. Биринчи шар кайра салынгандан кийин, экинчи шар тандалат.

Колонка А

Алгач жашыл шар, андан кийин сары шар тандалып калуу ыктымалдуулугу

Колонка Б

11/16

4-суроо

5x + 11y < 0, 4x + 10y < 0

Колонка А

x + y

Колонка Б

0

5-суроо

945 ÷ 27 =

6-суроо

(4m + 7n) − (2m − 3n) туюнтмасы төмөндөгүлөрдүн кайсысына барабар?

7-суроо

90 студенттен турган класс тест тапшырды. Тесттен өткөн студенттердин арифметикалык орточо упайы 84кө, ал эми тесттен өтпөй калган студенттердин арифметикалык орточо упайы 60ка барабар болду. Эгерде бардык студенттердин орточо упайы 80 болсо, анда тесттен канча студент өткөн?

8-суроо

6 адамдан турган топтон 5 адамды тегерек столдун айланасына канча ар түрдүү ыкма менен отургузууга болот?

9-суроо

деңиз : толкун

10-суроо

өсүү : кыскаруу

11-суроо

китеп : текст

12-суроо

кыш : суук

13-суроо

Жаңы заводдун курулушу _____ токтотулду, анткени ал аймакта табигый экосистеманы _____ коркунучу жаралды.

14-суроо

Топуракты начар шарттарда колдонуу айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн _____ алып келет, бул тамак-аш коопсуздугунун _____ себеп болот.

15-суроо

Адам өзүнүн энергиясын үнөмдүү пайдалануу үчүн _____, анткени _____.

16-суроо

Кайсы варианттагы сүйлөмдө тыныш белгилери туура коюлган?

17-суроо

Жардылык, жокчулук деген маанини туюнткан туруктуу сөз айткашы кайсы вариантта көрсөтүлгөн?

18-суроо

Кайсы катардагы сүйлөмдө себеп- натыйжа маани бар?

19-суроо

Төмөндө берилген сүйлөм бөлүктөрүн кайсы варианттагы ырааттуулукта жайгаштырсак, туура сүйлөм болот?

I. Түшкү тамактан кийин ал ишке киришти

II. Эртең менен ал үй-бүлөсү менен чай ичти

III. Андан соң ал жолугушууга жөнөдү

IV. Кечинде ал достору менен убакыт өткөрдү

20-суроо

Кайсы сүйлөмдө "ишенимдүү" деген маанини билдирген сөз колдонулган?

Андан кийин эмне кылуу керек

Мини-тест үч бөлүм боюнча деңгээлиңди көрсөтөт. Чыныгы ЖРТ — 215 мүнөттө 150 суроо, «Окуу жана түшүнүү» бөлүмү менен (ЖРТнин түзүлүшү). Ар бир бөлүмдүн таймери жана 245 баллдык шкаласы бар толук сынамык тест — Доор тиркемесинде, биринчи тест акысыз.

Туура жоопторуңдун саны боюнча баллды ЖРТ балл эсептегичте эсептесең болот, ал эми жооптору менен дагы суроолор — математика, окшоштуктар жана грамматика баракчаларында.

Сынамык ЖРТни азыр тапшырып көр

Чыныгы форматтагы толук тест — биринчиси акысыз.

Көп берилүүчү суроолор

Бул акысызбы?

Ооба, мини-тест акысыз жана каттоосуз. Жоопторуң сакталбайт жана эч жакка жөнөтүлбөйт.

Болжолдуу балл канчалык так?

Бул 20 суроо боюнча болжолдуу баа: «Окуу жана түшүнүү» бөлүмү мини-тестке кирбейт, ошондуктан ал үчүн жалпы туура жоопторуңдун үлүшү алынат. 245 баллдык шкаладагы так баллды 150 суроодон турган толук тест көрсөтөт.

Чыныгы ЖРТ канча убакытка созулат?

Негизги тест — 215 мүнөттө 150 суроо, ар бир бөлүмдүн өз таймери бар.